Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт
Өкмөттүн басма сөз кызматы ал 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышарын билдирди.
Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Абдулла Арипов Кыргызстанга соңку ирет 2022-жылы декабрда келген.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мартта иш сапар менен Өзбекстанга барган. Андагы жолугушууларда эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерди аткаруу маселеси талкууланган.