13:12, 15 августа 2023, 24.kg

Ошто жумушка орноштуруу агенттигинин ээси жарандарды ири суммага алдап кеткен

Ошто жумушка орноштуруу агенттигинин ээси жарандарды алдап, Бишкекте жашырынып жүргөн. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Кыштак айылынын 28 жаштагы тургуну Ош шаарында офис ачып, жарандарга Польша жана Германиядан жумуш таап берүүнү убадалап, акча алып турган. Маалыматка ылайык, Ал: «Биздин Европадагы жумуш берүүчүлөр менен келишимдерибиз бар,сиздер ал жакка барып, орношуп, жумушка киргенге чейин биздин фирма көзөмөлдөйт», — деп жарандарды ишендирген.

Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 150 адамдан ашты. Алар виза үчүн 900 евродон 1800 еврого чейин беришкен.

Photo 305203

Шектүү 11-августта Бишкекте кармалып, Ошко алынып келинген. Учурда «алдамчылык» беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.

Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар 0553-017-017 жана 102 телефондоруна байланыша алышат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18