10:45, 15 августа 2023, 24.kg

Кыргызстан жарым жылда 4,8 тонна алтын экспорттоду

2023-жылы январь айынан июнга чейин Кыргызстан 302,7 миллион долларга 4,8 тонна алтын экспорттоду. Бул маалыматтарды Улуттук статистика комитети жарыялады.

Ошол эле учурда, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 64,4 килограмм гана алтын 609,6 миң миллион долларга жеткирилген. Ал эми январь—май айларында 1,7 тонна алтын сыртка сатылган.

Бул бир айдын ичинде гана алтындын экспорту 2,7 эсе көбөйгөнүн билдирет.

Алтындын көпчүлүк бөлүгү Швейцарияга чыгарылган — 3,9 тонна алтын 250 миллион долларга сатылган. Ал эми май айындагы экспорттун көрсөткүчү 1,2 тоннаны түзгөн.

Швейцарияга 30 күндүн ичинде алтындын экспорту 3,2 эсе көбөйгөн.

Швейцарияга сатылган алтындын баасы бир граммы 63 долларды, башкача атканда унциясы үчүн 1 миң 960,4 долларды түздү. Бул Лондон биржасындагы баалуу металлдын баасынан бираз жогору. А жакта 14-августка карата алтындын унциясы 1 миң 914,57 долларды көрсөттү.

Андан тышкары, Кыргызстан Гонконгго 517,8 килограмм алтынды 31,4 миллион долларга жана БАЭге 21,2 миллионго 334,9 килограмм алтын саткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18