10:19, 15 августа 2023, 24.kg

Кыргызстанга БАЭден унааларды запастык тетик катары алып кирүүгө аракет кылышкан

Бириккен Араб Эмиратарынан Кыргызстанга автоунааларды унаа тетиктери катары алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы бидирди.

БАЭден Е.А.М.дин дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү келген. Бирок бажылык текшерүү учурунда жарым-жартылай кесилген 10 автоунаа табылган.

«Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаалардын жарактуулугу аныкталган. «Эксперт Оценка» ЖЧК көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган автоунаалардын жалпы орточо базар баасы 15,6 миллион сомду түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5,3 миллион сомду түзгөн. Материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — дейт мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18