09:07, 15 августа 2023, 24.kg

Кыргызстанда ЛГБТ пропагандасына тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Документке ылайык, үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарды жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилелерди пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү маалыматтар балдарга зыян келтирүүчү маалымат болуп эсептелет.

Мыйзам балдарды өз өмүрүнө кол салууга, маңзат, чылым колдонууга, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, кумар оюндарын ойноого, сойкулук жана тилемчилик менен алектенүүгө түртө турган маалыматтарга тыюу салат.

Документке ылайык, мындан тышкары «укукка каршы жүрүм-турумду актоого», ошондой эле уят сөздөрдү камтыган, порнографиялык мүнөздөгү жана адамдар менен жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга түртө турган маалыматтарды жайылтууга болбойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18