16:22, 14 августа 2023, 24.kg

Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта сегиз адам каза болду

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында сегиз адам каза болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын маалыматына ылайык, 13-августка караган түнү Тон районунда, Кызыл-Омол уран кенине жакын жерде BMW жана Audi унаалары кагышкан.

Жыйынтыгында, сегиз жаран набыт болду. Алардын арасында бир жарым жаштагы жана беш айлык эки ымыркай дагы бар. Мындан тышкары, кырсыктан дагы алты адам жабыркады.

ЖКККББдан 24.kgге бул маалыматты тастыктап, аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматы окуя боюнча кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18