13:18, 14 августа 2023, 24.kg

Күрөшчү Нурзат Нуртаева КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында алтын медал алды

Кыргызстандын курамасы КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында биринчи алтын медалын алды. Нурзат Нуртаева кыздар күрөшү боюнча 72 килограммга чейинки категорияда биринчиликти багындырды.

Ал финалдык беттеште белорусиялык Виктория Радькова менен күч сынашкан.

Буга чейин балбандар Бермет Нурдин кызы коло, ал эми Дильназ Сазанова күмүш медал тагынышкан.

Эске салсак, Белорусияда КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Мелдеште 22 өлкөдөн 2,2 миң спортчу катышып, жалпысынан 20 спорт түрү боюнча 1 миң 672 медал ойнотулууда.

Бул оюндарда Кыргызстандын атынан 17 спорт түрү боюнча эки жүздөй спортчу катышып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18