09:33, 11 августа 2023, 24.kg

Ички иштер министри Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн «Золотые пески» пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык
соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты.

Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги тууралуу жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, 23 жаштагы А.Б.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл жана Кара-Буура райондорунун соттук-медициналык экспертиза бюролорунда зарыл экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын расмий корутундулары даяр эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18