09:29, 11 августа 2023, 24.kg

Орусияда мигранттар үчүн патент төрт эсеге кымбатташы мүмкүн

Мамлекеттик Думанын Бюджет жана салык боюнча комитети чет элдик жарандар Орусияда иштегенде төгө турган төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо.

Документти иштеп чыккан «Адилеттүү Орусия» партиясынын өкүлдөрү патент акысын 1200дөн 4800 рублга (12 доллардан 50 долларга чейин) жогорулатууну сунушташты. Демилге авторлорунун айтымында, бул кадам эмгек базарында орус калкын колдоого багытталган.

Расмий маалыматтар боюнча былтыр Орусияга 3,5 миллиондой мигрант иш издеп барган. Алардын 90 пайыздан ашыгын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18