11:35, 09 августа 2023, 24.kg

Жарым жылда Кыргызстанда 557 миңден ашык адам дарылануудан өттү

Кыргызстанда жарым жылда саламаттык сактоо уюмдарында 557 миң 824 адам дарыланды. Маалыматты ММК фонду кабарлады.

Алардын арасынан 544 миң 062 бейтап жалпы стационардык дарылануудан өткөн. Ал эми онкологиялык жана психиатриялык ооруканаларда 10 мин 904 жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 2858 миң бейтап кургак учукка каршы ооруканаларда дарыланган.

Ооруканага жаткырылгандардын эң көбүн 18 жашка чейинки балдар (31,8 пайыз) түздү.

«ММК фонду бейтаптарга медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана башка чыгымдар менен камсыздоо үчүн 6,3 млрд сомду каржылады», — дейт мекеме.

Ооруканага жаткырылган учурда бейтаптар камсыздандыруу статусуна жараша жеңилдиктерди ала алышат.

Медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жарандар ММК Фондунун 113 ишеним телефонуна кайрыла алышат, адистер иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин иштешет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18