09:36, 09 августа 2023, 24.kg

Кыргызстанда жарым жылда 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды

Кыргызстанда 2023-жылдын январь — июнь айларында 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өткөн жылдын январь — июнь айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,3 пайызга азайды.

Эң көп жол кырсыгы Бишкек шаарында (45 пайыз), Чүй облусунда (19 пайыз) жана Ошто (10 пайыз) болгон.

Кырсыктарда 4,4 миң адам жабыркаган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 5 пайызга аз, жарым жылда алардын арасынан 269 жаран каза болуп, көрсөткүч 8,5 пайызга көбөйгөн.

Ал эми жаш балдар катышкан 820 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылдын январь — июнь айларына салыштырмалуу 2,2 пайызга көбөйгөн. Жыйынтыгында 38 жаш бала каза болуп, 981 ымыркай жаракат алган.

Мас абалдагы унаа башкарган айдоочулардын катышуусунда 153 жол кырсыгы болгон, мындай жагдай 2022-жылга караганда 17 пайызга азайган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18