17:14, 08 августа 2023, 24.kg

Пенсия көтөрүлгөндөн кийин орто эсеп менен 9,4 миң сомду түзөт

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индекстөөнүн жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 413 сомду түзөт. Бул тууралуу Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев Акipressке берген маегинде билдирди.

Ал пенсияны 38 пайызга көбөйтүүнү сунуштап жатышкандагын белгиледи. Бирок көбөйтүлгөн сумма 500 сомдон ашпашы керек. Жыйынтыгында, 5 миң сомдон алган 219 миң адамдын пенсиясы 81,1 пайызга котөрүлөт.

5 миң сомдон жогору пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга индекстелет.

Бирок ар бир пенсионердин акчасынын көбөйүүсү ар кандай болот. Бул пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасынан көз каранды.

Мисалы, 5 миңден 10 миң сомго чейин алгандарга орточо эсеп менен 1 миң 470 сом, ал эми 10 миңден 20 миң сомго чейин — 3 миң 932 сом, 20 миңден жогору алгандарга 9 миң 536 сом кошулат.

«Бул иш-чаралар минималдык босогону (500 сом) белгилөө менен аз камсыз болгондордун жана пенсия системасына чоң чегерүүлөрдү жасаган жарандардын кызыкчылыктарын коргойт. Төгүмдөр канчалык көп болсо, индексация ошончолук жогору болот», — деди Бактияр Алиев.

Соцфонддун алдын ала маалыматтарына караганда, 2023-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 765,6 миң адамды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18