14:19, 08 августа 2023, 24.kg

Бишкекте 63 бала бакча өзүнүн максатында пайдаланылбайт

Бишкекте 63 бала бакча максаттуу пайдаланылбайт. Бул тууралуу 24.kgге мэриядан билдиришти.

Мекеме инвентаризациялоо учурунда 63 объект өзүнүн максатында колдонулбай жатканын  аныктаган. Свердлов районунда — 27, Ленин — 14, Октябрь жана Биринчи май райондорунда — 11ден.

"Сегиз муниципиалдык имаратты кайтарып беришти, алар бала бакча катары иштеп жатышат",- деп кошумчаланды.

Эске салсак, февраль айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үч ай ичинде менчиктештирилип кеткен бала бакчалар мектепке чейинки уюм катары иштей башташарын же Билим берүү министрлигинин кармагына өткөрүлөрүн билдирген. Эгерде ичинде мамлекеттик структуралар табылса, алар имаратты бошотуп бериши керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18