12:18, 08 августа 2023, 24.kg

Москвада күн сайын уулун шнур менен сабаган кыргызстандык кармалды

Москвада мас абалында баласын уруп жаткан кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарда билдиришти.

Алардын айтымында, окуя Хорошево-Мневники районунда болгон.

«Бала сегиз жашта. Апасы экөө кыргызстандык экенин, бирок Москвага көчүп келишкендигин айтты. Анын айтымында, апасы көп ичет, күн сайын чач кургаткычтын боосу менен сабайт. Милиция чакырдык, биз күтүп тургуча апасы көчөдө уктап калды. Баланы милиция алып кетти. Ал аябай жакшы бала, ага дагы, апасына дагы жардам бере туран туугандары эртерек табылса экен. Бала минтип жашабаш керек», — дейт күбөлөр.

Photo 304537

ТИМ 24.kgге Россиянын компетенттүү органдары тарабынан бул иш боюнча тиешелүү жумуштар жасалганын билдирди.

2014-жылы туулган бала Москвадагы социалдык реабилитацияга муктаж балдар үйүндө. Апасына карата административдик укук бузуу үчүн протокол толтурулду.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФдагы Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү менен биргеликте баланын мындан аркы тагдыры, ошондой эле анын жакын туугандары менен байланыш түзүү ишин карап жатышат. Маселе ТИМдин көзөмөлүндө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18