10:02, 08 августа 2023, 24.kg

Кумтөр Centerra 28 жылда берген пайдадан бир жылда 1,5 эсе көп киреше тапкан

«Чет элдик компания 28 жылда берген пайдадан 1,5 эсе көп үлүштүк кирешени бир жылда таптык», — деп билдирди ААК «Кыргызалтын».

Ишкана Кумтөрдү канадалык «Центерра голд» компаниясы иштеткен 28 жылда Кыргызстандан 410 тоннадан ашык алтын чыгарылып, анын 1 граммы дагы мамлекетке калбагандыгын маалымдады.

Бул убакыт аралыгында өлкө казынасына үлүштүк кирешеден болгону 100 миллион доллар гана түшкөн.

«Кумтөр алтын кени мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда 2022-жылга карата үлүштүк кирешеден эле 140 миллион доллар пайда калган. Чет элдик компания 28 жылда берген пайдадан 1,5 эсе көп үлүштүк кирешени бир жылда таптык. Мындан тышкары салыктар, социалдык салымдар, кирешенин башка түрлөрү бар. Эң негизгиси казылган алтын толугу менен мамлекеттин казынасында элдин байлыгы болуп сакталып турат», — деп жыйынтыктады ААК «Кыргызалтын».

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18