14:53, 07 августа 2023, 24.kg

Президент Бостериде каза болгон 23 жаштагы жарандын ишин өз көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында каза болгон 23 жаштагы жарандын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар-тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 6-августта Бостериде «Золотые пески» пляжында эс алып жүргөн 23 жаштагы жаран каза болгон. Дорстору аны топ балдар сабап кеткендигин айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18