09:41, 07 августа 2023, 24.kg

Ала-Арчада жоголуп кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды

3-августта Ала-Арчада жоголуп кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Facebook баракчасында Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

Photo 304341

Борис Михайловдун сөөгү 6-августта Ала-Арча дарыясында табылган. Аны болжол менен саат 15:30 алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бираздан кийин ӨКМдин куткаруучулары дарыядан анын 8 жаштагы кызы Руфинанын сөөгүн табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Издөө иштерине ӨКМдин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун беш куткаруучусу, мекеменин Ысык-Ата районундагы куткаруу кызматы жана маркумдардын 15 тууганы тартылган.

Эске салсак, 3-августта Ала-Арча капчыгайында альплагердин аймагында Борис Михайлов кызы Руфина менен жоголуп кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18