15:36, 04 августа 2023, 24.kg

Жалган маалымат. Эмил Каптагаев Жыргалаң кенинин ишке кирүүсү тууралуу айтты

Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын Жыргалаң кенинин 12 жылдан кийин кайрадан ишке киргендиги тууралуу маалыматына комментарий берди.

«Мындай майда-барат айтылган маалымат элди ирээнжитип, ишеничти кетирет. Ишке кирген кичи шахта Бакыт Дөргөөев ачкан «Дөргө-көмүр» ишканасы. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми «Жыргалаң» иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат. «12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди» дегенди уккан Аксуу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен?», — деп жазган Эмил Каптагаев.

Photo 304243

Жыргалаң айылынын тургуну Турат Аким дагы Каптагаевдин сөзүн тастыктады.

«Бул жалган. Ишке кирген бул — Дорго карьери. Ал ушул убакытка чейин менин классташым Бакыт Кененсаровдун жетекчилигинде иштеген — «Азия Mix» стендап-тобундагы ага-ини Кенесаровдордун байкеси. «Жыргалаң-Капитольная» шахтасын Садыр Жапаров жетектеп турган убакта суу каптап, калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Жыгалаң — менин айылым жана мен ал жакта эмне болуп жатанын билем. Ачык сырткы карьерди шахта деп атап, мурунку шахтанын ишке киргенин айтышты», — деп жазды Турат Аким.

Photo 304244

Ал жол жана кен «Дөргө Көмүр» ишканасы тарабынан даярдалганын билдирди.

«Карьер-шахтасынын» жаңы ээси Рыжий Марат деген бирөө, ал элге манасчы Дөөлөт Сыдыковко Манас айылын бузуу боюнча каршы чыккандыгы менен белгилүү. Же Рыжий Марат Акылбек Жапаровду алдап жатат же министрлер кабинетинин төрагасы элди алдап жатат. Бирок шахта жана карьер — эки башка объект", — деп белгиледи Турат Акимов.

Белгилей кетсек, кечээ Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Жыргалаң көмүр кени 12 жыл тыныгуудан кийин кайрадан ишке киргенин билдирген. Мекеме учурда ал жерде суткасына 100-120 тонна көмүр казылып жатканын айткан. Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай аларын кошумчалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18