09:47, 04 августа 2023, 24.kg

Ош облусунда катаракта диагнозу боюнча 300 операция жасалат

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бөлүмүндө Кытайдан келген офтальматологдор катаракта оорусуна 300 операция жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта дарыгерлердин Ош облусунда 18-сентябрдан 28-сентябрга чейин иштешери айтылат. Операциялар «Экспресс ден соолук — Жаркын саякат» долбоорунун алкагында жасалат.

Жарандарды алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Текшерилүүгө келген бейтаптардын жанында өздүгүн тактаган документтер, күбөлүк (пенсия, майыптыгы, баатыр эне ж.б.) болушу керек.

Суроолор боюнча бейтаптар бул номерлерге кайрыла алышат: 0999 94 95 91; 0551 68 66 17

Долбоордун алкагында жалпысынан Бишкек шаарында 300, ал эми Ош шаарында 300 операция жасалат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18