15:50, 03 августа 2023, 24.kg

Россиянын ТИМи Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүүнү карап жатат

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы атайын операцияга катышкан Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү ишин карап жатат. Бул тууралуу брифингде мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Ооба, мен мындай кайрылуу алганыбызды айта алам жана бул маселе иштелип жатат",- деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн камалган Кыргызстандын жараны Аскар Кубанычбек уулун Россияда колдошту. РФнын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш атайын операцияга катышкандарды кылмыш жоопкерчилиги кара турган өлкөлөргө өткөрүп бербөө демилгесин даярдады. Маалыматты кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов телеграмм каналында бөлүштү.

Буга чейин Украинадагы согушка өз эрки менен катышкан кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулу орус жарандыгынын берилүүсүн суранган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Украинадагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыраткан. Ат-Башы районунун 31-жаштагы тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси боюнча (Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу) күнөөлүү деп табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18