11:41, 03 августа 2023, 24.kg

Баңгизат колдонуучу көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды

Баңгизат жана психотроптук заттарды колдонуу үчүн көмүскө жайды уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын май айында Сузак районунун аймагындагы Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан мейманканалардын биринде сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү 30 жаштагы Т. жараны кармалып, Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18