16:59, 02 августа 2023, 24.kg

УКМК улутчул топтун мүчөлөрүн кармады

УКМК улуттук араздашууну козуткан улутчул топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалгандар борбор калаада жана Чүй облусунда азият улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан. Өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символикаларды колдонушкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча кылмыш иши козголуп, топтун 3 мүчөсү кармалды. Алар Бишкек жана Чүй облусунун тургундары.

Тергөө иштеринин алкагында алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынып, тергөө абагына киргизилди.

Улутчул топтун аракеттеринен жабыр тарткандар УКМКнын ишеним телефонуна кайрыла алышат — 0312660475.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18