15:00, 02 августа 2023, 24.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулуп, августтун аягында ишке киргизүү пландалууда. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкекте 1996-жылдан бери иштеп келген жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты болгон. Ал дагы 2022-жылы иштебей калган. Бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, аларга дагы, медицина кызматкерлерине дагы ыңгайсыздыктар жаралган.

"МРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат",- дейт мекеме.

Ошондой эле, Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18