14:16, 02 августа 2023, 24.kg

Белгисиз адамдар поезддин айнектерин таш менен талкалашкан

Кечээ, саат 21:18де Дмитриевка- Кант станциясында белгисиз адамдар «Бишкек- Балыкчы» каттамындагы поезддин вагондорунун айнектерин сындырышкан. Бул тууралуу Кыргыз темир жолунун басма сөз кызматы билдирди.

«Вип», «люкс» вагондорунун жана жөнөкөй вагондун 9-купесинин, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган.

"Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ынгайсыздык гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. Поезддин терезелери убактылуу скотч менен жабылып, жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу ждагдайларды жаратышы мүмкүн ",- дейт маалыматта.

Мекеме поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургандарды тартипти жана жоопкерчиликти сактоого чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18