09:39, 02 августа 2023, 24.kg

Москвада кыргыз аялдары үчүн кризистик борбор ачылды

Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында оор абалга туш болгон кыргыз аялдарына жардам берүүгө багытталган кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Кризистик борбордун расмий ачылышы кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилеринин, активисттердин катышуусунда өттү.

Ошондой эле, элчилик тарабынан «Медициналык камсыздандыруу капиталы» ЖЧКсынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылып, катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат берилди.

"Кризистик борбордун иши Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына- аялдарына колдоо көрсөтүүгө багытталган",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2023-жылдын 4-7-мартында Москва шаарында өткөн Биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн биринчи айым Айгүл Жапарованын иш сапарынын алкагында бул борборду түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18