16:52, 01 августа 2023, 24.kg

Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу алды

Жекшембиде Пакистанда 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобу өзүнө алды.

Топтун билдиришинче, алардын максаты Пакистандагы талиптердин радикал тобуна (Техрик-е-Талибан) каршы күрөшүү болгон. Буга чейин исламчыл партиянын митингиндеги теракт үчүн «Техрик-е-Талибан» жооптуу деп айтылып келген.

ИМ тобу менен байланышы бар Amaq маалымат агенттиги дүйшөмбүгө караган түнү кол салууну жасаган жанкечтинин сүрөтүн жарыялады. Топтун өкүлү ИМдин атынан аракет кылганын тастыктаган.

Жоопкерчиликти өзүнө алган «Ислам мамлекети» тобунун Пакистандагы бөлүмү талиптерге каршы турат. Алар талиптер исламдын талаптарын так сактабай жатат деп эсептейт. ИМ тобу буга чейин Ооганстандагы мамлекеттик мекемелерде, мечиттерде жана мектептерде жасалган чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажур районунда 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн кыйып, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Айрым булактар 54 киши мерт кеткенин жазып жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18