14:58, 01 августа 2023, 24.kg

«Оскар» сыйлыгына ат салышуу башталды

«Оскардын» Кыргызстандагы комитети америкалык кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын (AMPAS) сыйлыгы үчүн улуттук тасмаларга табыштамаларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу комитеттин координатору Таалайбек Кулмендеев Facebook социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кыргызстан «Эң мыкты эл аралык толук метраждуу тасма» категориясында катышат. Табыштамалар 1-августтан 15-августка чейин кабыл алынып, ал эми 19-20-августта комитет тандалган тасмаларды көрөт. 22-августта отурумда сыйлыкка номинант болгон фильм айтылат.

Сыйлыкка катышуу үчүн 2023-жылы 1-январдан 31-декабрга чейин чыккан же чыга турган, толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык фильм болушу керек ( 40 мүнөттөн аз эмес).

96-«Оскар» тапшыруу аземи 2024-жылдын 10-мартында «Долби» театрында (Голливуд, Лос-Анжелес) өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18