11:21, 01 августа 2023, 24.kg

Айыл-чарба азыктарынын жалпы импорту бир аптанын ичинде 18 миң тоннадан ашты

21-июлдан 27-июлга чейин карантинге алынуучу продукциянын импорту 18 миң 157 тоннаны түздү. Маалыматты Айыл-чарба министрлиги кабарлады.

Чүй облусуна 8 миң 225 тонна айыл чарба азыктары алынып келинген, алардын арасынан дан эгиндери (2 миң 903 тонна) Россия жана Пакистан өлкөлөрүнөн импорттолгон.

Ош облусуна тыштан келген продукциялардын көлөмү 3 миң 133 тоннаны түзүп, Баткенге 2 миң 029 тонна продукция импорттолгон. Бакча өсүмдүктөрү (1 миң 77 тонна) жана мөмө-жемиштер (1182 тонна) өлкөгө Өзбекстандан келген.

Жалал-Абад облусуна 3 миң 569 тонна продукция кирип, анын ичинен 2 миң 824 тонна буудай Россиядан алынган.

Ал эми Нарынга Кытайдан 151 тонна кургатылган манго сатылып алынып, аймактагы жалпы импорт 601 тоннаны түздү. Талас облусуна сырттан келген айыл-чарба продукциялардын басымдуу бөлүгү — ун. Бул жолу коңшу Казакстандан 273 тонна ун импорттолду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18