16:12, 31 июля 2023, 24.kg

Аланиядагы жол кырсыгынан 12 казакстандык жабыркады

Казакстандын консулу Аланиядагы медициналык мекемелерди кыдырып, жол кырсыгынан жабыркаган казак жарандары менен жолукту. Бул тууралуу 31-июлда Arbat.media сайты Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

30-июль күнү эртең менен Түркиянын Анталия провинциясынын Алания аймагында казакстандык туристтер бараткан кичи автобус катуу ылдамдыкта жүк ташуучу унааны сүзгөн. Жыйынтыгында кичи автобустун айдоочусу менен украиналык гид каза болгон. Түркиялык Hurriyet басылмасы кырсыктан 10 жүргүнчү жараат алганын кабарлаган. Окуя болгон жерде тартылган кадрлардан туристтик автобустун маңдайы талкаланып калганын көрүүгө болот.

Казак дипломаттарынын айтымында, кырсыкта 12 казакстандык турист жабыркаган. Алардын 10у, анын ичинде төрт бала жеңил жаракат алган. Дагы эки адамга операция жасалып, абалдары орточо оор деп бааланууда.

Министрлик Анталиядагы казак дипломаттары жабыркагандар менен дайыма байланышта болуп жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18