15:42, 31 июля 2023, 24.kg

Кыргызстан бир айда 6 миң 968 тонна жер-жемишти тышка сатты

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери 21-июлдан 27-июлга чейин чек арада 6 миң 968 тонна экспорттук айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Кыргызстандагы жемиштердин көпчүлүк бөлүгү Россия, Казакстан жана Өзбекстанга сатылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул жумада Чүй облусунан 5 миң 222 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду. Алардын көпчүлүк бөлүгүн жемиштер түзүп (2303 тонна), Россия жана Казакстанга жөнөтүлгөн.

Ош облусунан 961 тонна продукция сыртка чыгып, 656 тонна жемиш Россияга экспорттолгон.
Ал эми Талас облусунан Сербия, Грузия, Ирак өлкөлөрүнө 66 тонна буурчак сатылган. Жалал-Абаддан 51 тонна грек жаңгагы Өзбекстанга, 74,3 тонна каперсон Турцияга экспорттолгон.

Баткен облусунан жалпы 76 тонна экспорттук продукция сыртка чыкса, Ысык-Көлдөн 314 тонна жемиш Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18