09:15, 31 июля 2023, 24.kg

Өзбекстанда блогер Олимжон Хайдаров камалды

29-июлда Ферганада кармалган белгилүү блогер Олимжон Хайдаров ошол эле күнү соттун чечими менен камакка алынды.

Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы Хайдаров даярдаган сын макаласын жарыялабоо үчүн «Коканд Истиклол» соода комплексинин жетекчилеринен 10 миң доллар талап кылууга шектелип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, ал мурда 7500 доллар алып, калган 2500 долларын алып жатканда кармалган.

Июнь айынын аягында Хайдаров өзүнүн Telegram-каналында базардагы катарлардын тардыгынан өрт өчүрүүчү унаа өтө албай калганын белгилеген.

Хайдаров бул тууралуу видео жарыялайм деп коркуткан, андан кийин укук коргоо органдары соода комплексин текшере башташы керек болчу. Соттун чечиминде блогер алгач 5 миң доллар алып, андан кийин дагы 5 миң доллар талап кылганы айтылат.

Блогер жергиликтүү бийликти сындаган посттору менен белгилүү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18