11:58, 28 июля 2023, 24.kg

Чолпон-Атадагы кырсыктан кийин 229 эс алуу зонасы текшерилди

Чолпон-Ата шаарында эки эс алуучунун өлүмүнө алып келген кырсыктан кийин, ведомстволор аралык жумушчу топ 200дөн ашык курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерди текшерди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү иштерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ӨКМдин, ИИБнин кызматкерлери катышты.

Алар эс алуучулардын жана суу транспортунун, аттракциондордун ээлеринин арасында адам өмүрүн коргоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалпы 229 эс алуу зонасы, 1 миң 96 жеке менчик эс алуу үйлөрү, 29 суу транспортунун ээлери, 5 суу атрационы текшерилди.

Текшерүү убагында 25 эреже бузуу фактысы катталып, материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Учурда курорттук-ден соолукту чыңдоочу борборлордун, аттракцион жана суу транспортунун ээлерин текшерүү уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18