16:56, 27 июля 2023, 24.kg

«12 каминь» эс алуу жайында сууга агып кеткен кыздын дагы сөөгү табылды

10 күн мурун Аламүдүн дарыясына агып кеткен бир жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жергиликтүү тургун ымыркайдын сөөгү окуя болгон жерден 20 метр алыстыкта, «Таштар-Ата» аймагынан таап алган.

Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 18-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «12 каминь» эс алуу жайында кызын куткаруу аракети менен эне-бала сууга агып кеткен. 26 жаштагы аялдын сөөгү ошол эле күнү табылаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18