14:30, 27 июля 2023, 24.kg

Мугалим, дарыгер, саясат, үй кожойке. Аялдар эмне жумуш аткара алат?

Эл аралык республикалык институту жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 12 пайызы аялдардын саясатта иштей алышарын билдиришкен. 

Сурамжылоо 2023-жылдын 5-25-майында жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 1 миң 492 кыргызстандык катышкан.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (63 пайыз) айымдардын билим берүү тармагында ишмердигин колдойт. Ал эми алардын 58 пайызы аялдар үй кожойкесинин ролунда көрөт. Ошондой эле, 56 пайызы алардын саламаттык сактоо тармагында ийгиликтүү иштей алышын белгилейт. 

Респонденттердин 7 пайызы айымдар үчүн жарандык сектор жана коммерциялык эмес көз карандысыз уюмдарды ылайыктуу деп белгилешсе, 6 пайызы дипломатия жана эл аралык мамилелер тармагын көрсөткөн.  Ошондой эле, 18 пайызы айымдарды бизнес кылышы керек деп эсептейт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18