12:13, 27 июля 2023, 24.kg

Кыргызстандыктар кимди паракор деп санайт. Сурамжылоонун жыйынтыгы

Кыргызстанда жарандардын 50 пайызы жыл ичинде бир да жолу пара, белектер жана башка жолдор аркылуу ыраазычылык билдиришкен эмес. Бул маалыматтар Эл аралык республикалык институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду. 

Сурамжылоо 2023-жылы 5- майдан 25 —майга чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 1 миң 492 кыргызстандык катышкан.

Респонденттердин 33 пайызы 12 айдын ичинде көп деле белек түрүндө пара бербегенин айтышты. Ал эми алардын 7 пайызы ай сайын белектерди беришсе, 2 пайызы — күн сайын жана жума сайын деген жоопту белгилешкен.

Ошондой эле, жарандардын 38 пайызы бийликтин коррупция менен күрөшүнө канааттанышат. 2022-жылдын сентябрь айында бул көрсөткүч 33 пайыз болчу. Өткөн жылдын апрель айында коррупция менен күрөштү сурамжылоого катышкандардын 46 пайызы макташкан.

Сурамжылоонун катышуучулары үчүн (49 пайыз) эң паракор орган — соттор. Ал эми экинчи орунда ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы (46 пайыз) жана кийинки саптарда милиция менен Салык кызматы (41, 31) пайыз менен жайгашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18