13:50, 26 июля 2023, 24.kg

«Манас айылы» коплексинин босогосу бузулушу мүмкүн

Кыргызстандын архитекторлор коомчулугу «Манас айылы» комплексинин босогундагы курулуштун бузулуу коркунучуна тынчсызданышууда. Бул тууралуу Facebook баракчасына архитектор Айгүл Насирдинова жазып чыкты.

Анын айтымында, кэчээ комлекстин алдындагы жолду кеңейтүү үчүн жумушчулар жана курулуш техникалары алып келинип, комплекстин кире беришиндеги дубалдарды бузуу аракети болгон.

««Манас айылы» комплекси Эл аралык архитекторлор союзу тарабынан архитектуралык чыгарма катары бааланган, ошондуктан уюмдун эң маанилүү сыйлыгы — гран-приге татыган. Мындан тышкары, «Манас айылы» КМШ жана башка өлкөлөрдө көптөгөн сыйлыктарды алган. Бул проект этноархитектура стилине кирет жана Манастын 1000 жылдыгына карата курулуп, каражаттын 50 пайызы элден чогултулган», — дейт архитектор.

Photo 303275

««Манас айылынын» ар бир элементи символикалык мааниге ээ, бекеринен биздин бийлик бул жерди манасчы жана акындарга элдик майрамдарды өткөрүү үчүн берген эмес», — дейт Айгүл Насирдинова.

Эске салсак, өткөн жылы апрелдин аягында «Ысыл-Көл» мейманканасын бузуу учурунда курулушчулар этнокомплекстин тосмосунун бир бөлүгүн бузушуп, 5 соток жерин тартып алышкан. Директор Дөөлөт Сыдыков комплексти коргоп чыккан. Ал президенттин админмистрациясына жана Садыр Жапаровдун айланасындагыларга критика менен кайрылган. Андан кийин манасчы жумуштан кеткенин айтып өлкөдөн чыгып кеткен, себебин бийлик тарабынан болгон басым деп түшүндүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18