09:38, 26 июля 2023, 24.kg

2023-жылдын алты айында Тажикстандын 87 миң жашоочусу орус жарандыгын алды

2023-жылдын биринчи жарымында орус жарандыгын баарынан көп Тажикстандын тургундары алган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өлкөдөгү миграциялык абал тууралуу статистикасында жазылган.

Ага ылайык, быйыл январдан июнь айына чейин орус жарандыгын жалпысынан 87 миңге жакын (болжол менен күнүнө 500дөн) тажикстандык алган. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 13 миң кишиге көп.

Орусиянын жарандыгын алгандардын саны боюнча экинчи орунда Украинанын жашоочулары (39 миң) турат.

Орусия ИИМи белгилегендей, акыркы жылдары орус жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүктөрдүн саны азаюуда. Алсак, быйыл январь-июнь айларынын аралыгында 205 миңден ашык чет өлкөлүк Орусиянын жарандыгын алган. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу 382 миң кишиге аз.

Расмий маалыматтарга ылайык, орус жарандыгын алууну каалаган тажикстандыктардын саны акыркы үч жылдын ичинде көбөйдү. 2020-жылы Тажикстандын 63 миң жашоочусу жарандыгын Орусияныкына алмаштырса, 2021-жылы бул көрсөткүч 103 миңге, 2022-жылы 173 миңге жеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18