09:35, 26 июля 2023, 24.kg

Борбор Азиядагы банктар «Юнистрим» системасы менен кызматташууну токтотууда

Кыргызстандын алты, Тажикстандын үч жана Өзбекстан менен Казакстандын экиден банкы «Юнистрим» акча которуу системасы менен кызматташууну токтотту. Буга аталган системанын АКШнын санкцияларына кабылышы себеп болду.

Кыргызстанда «Компаньон», Finсa банк, «РСК Банк», «Халык Банк» жана «Капитал Банк» «Юнистрим» менен кызматташууну чектегенин Economist.kg басылмасы жазды.

24-июлда Өзбекстандын «Халк-банкы», «Ипотека-банкы» жана «Капиталбанкы» аталган система менен иштешүүнү токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу «Фергана ньюс» агенттиги жазды.

Казакстанда «Казпочтасы» жана «Нурбанк» банктары «Юнистрим» менен мындан ары иштешпей турганын жарыялашты.

ТАСС агенттиги жазгандай, Тажикстанда бул система менен «Ориенбанк» жана «Хумо» банкы кызматташууну токтотту.

Мындан тышкары Армения менен Грузиянын бир катар банктары да ушундай эле чечим кабыл алганы кабарланды.

Орусиянын «Юнистрим» акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18