16:06, 25 июля 2023, 24.kg

Маршруткада баратып ыйлап жардам сураган келинге коргоо ордери берилди

Маршруткада бара жатып ыйлап, жардам сурап кайрылган балалуу аялга коргоо ордери берилди. Бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, окуя 24-июль күнү болгон. Ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Милициянын маалыматында, келин маршруткада күйөөсү менен бара жаткан. К.Н. арыз менен кайрылуудан баш тартып, күйөөсүнө эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.

Ага карабай коргоо ордери берилди.

Ленин районунун ИИБси үй-бүлөлүк зомубулуктан жабыркаган жана мындай жагдайларга күбө болгон жарандарды ыкчам түрдө жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 кыска номерине кайрылууга үндөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18