15:45, 25 июля 2023, 24.kg

Орус буудайы Борбор Азия өлкөлөрүнө Казакстандыкы катары сатылып келген

Жасалма келишимдер менен Орусиядан Казакстандын Павлодар облусуна мыйзамсыз буудай алып кирүү жана аны казак даны катары Борбор Азия өлкөлөрүнө сатуу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги билдирди.

Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын жүйө келтирип, бул боюнча кеңири маалымат берген жок.

Тергөөнүн версиясына ылайык, айыпталуучу 2021-2022-жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө (Ооганстан, Тажикстан жана Өзбекстан) 1 миллиард теңгеден ашкан суммага 26 миң тонна орус буудайын саткан. Бирок анын жасалма эсеп-фактурасында буудай Казакстанда өндүрүлгөнү көрсөтүлгөн. Айыпталуучу бул схеманын жардамы менен эл аралык транзит үчүн мамлекетке 460 миллион теңге төлөгөн эмес.

Азырынча бул боюнча айыпталуучу тараптын позициясы белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18