10:02, 25 июля 2023, 24.kg

Twitter логотибин өзгөрттү

Twitter өзүнүн көгүш чымчык логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрттү. Ребрендинг тууралуу буга чейин социалдык тармактын ээси Илон Маск билдирген.

«Жакында биз Twitter бренди, бара-бара анын бардык чымчыктары менен коштошобуз», — деп жазган ишкер.

Көк чымчык менен социалдык тармактын оригиналдуу логотиби 2012-жылы иштелип чыккан.

Ребрендингдин алкагында платформанын түсүн кара түскө өзгөртүү да пландалууда. Жаңы социалдык тармактын домени x.com деп аталат. Ал колдонуучуларды түз эле мурдагы профилине багыттайт.

Tesla жана SpaceX сыяктуу компаниялардын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter’ди 2022-жылдын күзүндө 44 миллиард долларга сатып алган. 2023-жылдын мартында Маск компаниянын юридикалык аталышын X Corp деп өзгөрткөн.

Илон Маск компанияны сатып алгандан бери анын бир нече чечимдери чоң талаш жаратты. Компаниянын көптөгөн кызматкерлерин иштен бошотуу, акылуу верификация, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунтун бөгөттөн чыгаруу өңдүү кадамдары сынга кабылган. Миллиардер Маск өзү муну сөз эркиндигин коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18