10:01, 25 июля 2023, 24.kg

Мурдакы министр Динара Кутманова кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мекеменин маалыматында, Динара Кутманова коррупциялык иштин «шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу» болгон.

«Ал министрликте өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган», — дейт УКМК.

Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн уулун жана карындашын, үй кызматкерин, уулунун досун аралаштырган.

Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18