15:05, 24 июля 2023, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсү

23-июлда Тажикстандын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Анда тажик тарап жоокери куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдашкан. Жаракат алгандар болгон эмес.

Чек ара кызматы ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешүү болгонун маалымдайт.

«Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 24-июлуна карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18