24.kg
15:08, 21 июля 2023, 24.kg

Бишкектин борборунда шахмат аллеясы пайда болду

Бишкектеги Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Шахмат аллеясында келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.

Бүгүнкү иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду.

Аллеянын ачылышына Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, аталган социалдык долбоорду улуттук "Шоро" компаниясы ишке ашырып, Бишкек мэриясынын балансына өткөрүп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18