24.kg
11:24, 17 июля 2023, 24.kg

Facebook колдонуучусу улут аралык кастыкты козгоого шектелип кармалды

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу улут аралык кастыкты козгоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Ч.А.С. ысымдуу жаран чагымчыл сөздөрдү жазып, өлкө жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

«Аталган жаран мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан», — дейт УКМК.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18