24.kg
12:18, 14 июля 2023, 24.kg

Кыргыз балбан кыздары Азия чемпионатында 5 медаль алышты

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы (U-15) Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш медалга ээ болушту.

33 кг чейинки салмакта Асема Амангариева, 42 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асылбекова жана 50 кг чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18