24.kg
16:27, 13 июля 2023, 24.kg

БУУ Курандын өрттөлүшүн айыптаган резолюция кабыл алды

12-июлда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Куранды мазактоо аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алды. Швецияда Куран өрттөлгөндөн кийин Пакистандын талабы менен кеңештин чукул жыйыны өткөн.

Жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк дүйнө элдерин диний кастыкты пайда кылган аракеттерден алыс болууга жана сабырдуулукка чакырды.

Кабыл алынган резолюцияда «Адам укуктары боюнча кеңеш диний жек көрүүчүлүктү пропагандоолону жана көрсөтүүнү, анын ичинде Ыйык Куранга атайылап коом алдында шек келтирүүнү кескин түрдө айыптайт жана күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарыл экенин белгилейт» деп жазылган.

Документти 28 өлкө колдоп, 12 өлкө каршы чыкты. Алардын арасында АКШ менен Улуу Британия да бар. Каршы чыккан өлкөлөрдүн айтымында, резолюция адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин принциптерине каршы келет.

28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана башка мусулман өлкөлөрү окуяны айыптаган. Пакистанда мусулмандар 7-июлда, жума намаздан кийин митингге чыгып, нааразылык билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18