24.kg
14:41, 13 июля 2023, 24.kg

Ош-Тамчы багыты боюнча каттамы көбөйтүлөт

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу - жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.

«Манас» ААКсы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18