24.kg
09:27, 12 июля 2023, 24.kg

Подмосковьеде мусулмандар Путинге кайрылды

Москва облусундагы Котельники шаарынын мусулман коомчулугу Орусиянын президенти Владимир Путинге видеокайрылуу жасап, жума намазы учурунда жүргүзүлгөн рейд маалындагы ОМОН кызматкерлеринин аракетине даттанышты.

Өткөн аптада ОМОН Котельникидеги көп кабаттуу үйдө жайгашкан намазканадагы жума намазын үзгүлтүккө учураткан.

Мусулман коомчулугунун 10-июлда соцтүйүндөргө жарыяланган үч мүнөттүк видеокайрылуусунда ОМОН кызматкерлери жума намазы учурунда бут кийимдери менен кирип келип, андагы адамдарды кемсинткени, ал жерде намаз окуп жаткандардын көбү Орусиянын жарандары болгону айтылган.

«ОМОН жума намазын үзгүлтүккө учуратты. Имаратка уулуу газ чачып, адамдарга каршы электршокерлерди колдонушту. Алардын мындай аракети улут жана дин аралык тынчтыкка чоң доо кетирүүдө», — деди видеодо сүйлөгөн жарандардын бири.

Кайрылуунун авторлору Путинди бул кырдаалга кийлигишүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18