24.kg
09:24, 12 июля 2023, 24.kg

Депутаттык мандаты алынган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими боюнча сотко арызданганы белгилүү болду. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «Азаттыкка» ырастады.

«Алардын арызы боюнча соттук иштер аяктагандан кийин гана кезекте турган талапкерлерге мандат ыйгаруу иштери жүрөт», — деди ал.

Бишкек шаардык административдик соту бул маалыматты ырастап, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленгенин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов («Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») 6-июлда мандатынан ажыраткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18